Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

ШАЙЛОО ЖАНА ШАЙЫРЛАР


Кыргыз ырчы-чоорчу, куудулдары жана шайырлары да топ-топ болуп бөлүнүшүп, парламенттик шайлоого аттанган партиялардын үгүт иштерине катышууда.

Артисттер өлкөнүн аймактарын кыдырып, өздөрү тандаган партияга добуш берүүгө элди чакырып, бекер концерттерди уюштурушту. Партиялардын жер-жерлердеги эл менен жолугушуусунан кийин ырчылар концерт берип, элдин көңүлүн алышууда. Шайлоочулардын бири Алтынбек Шадыбековдун пикиринде көркөм өнөр адамдары мындай саясий жараяндарга акча-тыйын таап алыш үчүн эле катышып жатышат.

-Ырчылар өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн башкача айтканда акча таап алыш үчүн гана иштеп жатышат. Алар керек болсо өздөрү иштеп жаткан партиясынын программасын да билишпейт, түшүнүшпөйт, эч кызыгышпайт дагы.

Алтынбек Шадыбековдун бул оюна ырчы Салима Балтаева каршы экендигин билдирип, акчага эмес, өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабагандыгыбыз үчүн катышып жатабыз деп билдирди.

-Чындыгын айтканда мен акча үчүн иштеген жокмун. Биз акча жок болуп, ачка калып же талаада калган жерибиз жок. Биз дагы инсан катары өзүбүздүн оюбуз бар. Ошентсе дагы жалпылап алганда ошол тандап алган партия элге кызмат кыла тургандай сезилип, ошол сезим биздин ишеничибизге кирип, элге жакшы болсо бизге да жакшы болот деген ниетте кошулдук.

Ырчы-чоорчулардын баары эле саясий жараяндарга катышкан жок. Тактап айтканда, партиялардын сунуштарын четке кагып, үгүт иштеринен баш тарткан артисттер да болду. Мисалы, жаш төкмө акын Аалы Туткучев төрт партиядан сунуш түшсө да бирөөсүнө да макул болгон эмес.

-Себеби өзүмдүн куйругумду булгагым келген жок. Анан аялдамаларда ырдагым келбеди. Акча табыш оңой эле, бирок абийирди табыш кыйын болуп калат эке-” деген оюн билдирди.


Көпчүлүк ырчылардын катарында кайсы бир партияны колдоп, элди үгүттөгөн Айбек Карымовдун пикиринде, шайлоодогу үгүт иштеринде көркөм өнөр адамдарынын орду чоң.

-Чынында эле артисттер шайлоо, пикет, митинг учурунда гана керек болуп, ардайым депутаттар үчүн иштеп беребиз. Алар болсо Жогорку Кеңешке барганда кыйратам, наам алып берем деп же дагы башка ушул сыяктуу нерселерди айтып, убада кылышат. Төө кыядан өткөн соң саламга да келбей калышат”- деп билдирди куудул Борончу Кудайбергенов.

Негизи эле көркөм өнөр адамдарынын саясий жараяндарда орду кандай? Алар канчалык деңгээлде таасир эте алышат?- деген суроо менен саясат таануучу Жолборс Жоробековго кайрылдык.

-Кайсы бир партияны кыргызга белгилүү инсандар ээрчип жүрсө, уулуулар сыйлаган инсандар бар болсо, ошондой эле жаштарды тартууда алардын кумирлери болгон жаш ырчылардын айыл жерлерин кыдырып концерт коюшу, элдерди чогултууга чоң салымын кошот. Шайлоо компанияларынын үгүт иштерине искусство адамдарын тартуу дүйнөлүк тажрыйбада бар, андыктан мунун эч кандай эрөөн-төрөөнү жок- деп билдирди Жолборс Жоробеков.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG