Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

22:00 ЕККУнун байкоочулар тобу жекшембидеги шайлоо жараянына байкоо жүргүзөт


ЕККУнун байкоочулар тобу 16-декабрда Кыргызстанда өтүүчү парламенттик эрте шайлоого көзөмөл жүргүзүшүп, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана жыйынтыгы боюнча өз байкоолорун дүйшөмбү күнү Бишкекте маалымат жыйынында жарыялашат. Бул тууралуу ЕККУнун басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.
ЕККУнун Шайлоого байкоожүргүзүү тобунун иши ЕККУнун Демократиялык институттар боюнча кеңсеси (ODIHR) менен ЕККунун Парламенттик жыйыны (OSCE Parliamentary Assembly) тарабынан биргелешип уюштурулууда.
ЕККУнун атайын билдирүүсүн ЕККУнун Шайлоого байкоожүргүзүү тобунун өкүлдөрү Киммо Килюнен (Kimmo Kiljunen) менен Николай Вулчанов (Nikolai Vulchanov) коомчулукка тааныштырмакчы. Маалымат жыйыны дүйшөмбүдө саат 16:00да “Хайатт” конок үйүндө өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG