Мекеде ажылык сапарда жүргөн Даут Абы уулу кыргызстандык зыяратчылар шайлоону эч качан көңүлдөрүнөн чыгарганы жок деп белгиледи:
- Бул жактагы ажылык парыздарын аткарып жүрүшкөн мекендештерибиз биринчи кезекте шайлоонун адилеттүүлүк менен өтүшүн тилешүүдө. Адашуу-азгырыктарга жол берилбесе экен.Элибиз үчүн, жерибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн ыйык Мекеде туруп жакшы дубаларды берип атабыз.
Андан кийин биз Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов менен байланыштык. Ал биринчи жолу партиялык тизме менен өтүп жаткан парламенттик шайлоону - өзгөчө шайлоо катары баалады. Баарысы тең эч кандай саясий ачууга, жеке амбицияга алдырбай, шайлоо таза, калыс, тынч өтсүн деген тилегин билдирди.
Ошол эле кезде кыргызстандык зыяратчылардын бир катары өздөрүнүн конституциялык укугун пайдалана албай – добуш бербей калганына өкүнүчтө экендигин да жашырганы жок.
Бишкектеги АКИпресс маалымат агенттиги Орусиянын “Русские Эмираты” басылмасына таянып, соңку күндөрү Тажикстан менен Кыргызстандан ажыга бараткан 600дөй адам Бириккен Араб Эмираттарына жетип, ал жерде Саударабстанга алпарып койгула деп жардам сурап жатышыптыр деген маалыматты тараткан. Балким ушуга байланышы бардыр, Мекедеги Кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов мындай маалыматты ортого салды:
- Кыргызстандан бейрасмий ажылык сапарга чыккан 120дай адам Бириккен Араб Эмираттарынан Саударабстанга келди. Алардын өзүнчө ажы башчысы бар экен. Биз кабыл алганы жокпуз, Саударабстандын расмий өкүлчүлүгү кабыл алды аларды, мейманканаларга жайгаштырышты. Биз кабар алып келдик.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, расмий уруксат боюнча учак менен барган 4500дөн ашык зыяратчы дагы азыр толук Мекеде. Акыркылары Мекеге 15-декабрда жетишкен. Ажылык зыяраттын эң негизги вазипасы Арафат тоосуна чыгуу 17-декабрда башталат.