Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы №5298 шайлоо участкасында добуш берүү саат 08:10 дароо чыр менен башталды. Шайлоо участкасынын мүчөлөрү бюллетендерди конветрке салып, мөөр менен басып, чаптап коюшкан. Байкоочулардын конвертти ачып, бюллетендерди саноо өтүнүчүнөн комиссиянын мүчөлөрү баш тартышты. Ош шаардык мэриясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айтпай Масалиев келип, байкоочуларды, партиялардын ишенимдүү адамдарын жана “Азаттыктын” кабарчысын жакалап участкадан кууп чыгууга аракет кылган. Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков расмий түрдө кечирим сурап, чатак чыгарган А. Масалиевге карата тиешелүү чаралар көрүлөөрүн билдирди.(MSu)