Байтик айылынын тургуну Саадат Самторованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен тартып “Кыргызстан” эс алуу жайындагы №200 шайлоо участкасында мөөнөтүнө мурда добуш берген 37 бюллетен салынды. Бардыгы аталган участокто 294 шайлоочу катталаган. С. Самторованын айтымында, аталган бюллетендер эч кандай арыз жок эле, кимдер добуш бергени тууралуу маалымат берилбей эле үкөккө салынды. Ушундай эле жагдай башка айылдарда да орун алып жатканы айтылууда. Арчалы айылында №203 шайлоо участкасында мөөнөтүнөн мурда добуш берген 225 бюллетен салынды. Бардыгы бул участокто 1686 шайлоочу катталган. Кашкасуу айылында 860 шайлоочу катталаса, үкөккө мөөнөтүнөн мурда добуш берген 80 бюллетен салынды.(MSu)