Нарын шаарында бир катар шайлоочулар добуш берүү укуктарынан ажырап калгандыктарына нааразылык билдиришти.”Мен педучилищадагы шайлоо участкасынан барып салмакмын. Ошол жакка барсак өлгөндөрдүн тизмеси жүрөт, ал эми биздики - тирүүлөрдүкү жок,"-деп билдирди шайлоочу Жумакадырова Таалайгүл. Бул күнү далай шайлоочулар шаардык сотко арызданып жатып, сот чечими менен добуш беришти. Шаардын мэри Бейшенаалы Боогачиев тизмелерди тактоодо кемчиликтер болгондугун мойнуна алды. (KUs)