Бул тууралуу БШК 16-декабрдын түн жарымында уюштурган акыркы маалымат жыйынында кабарланды. Мындай кечигүүнүн себебин БШК мүчөсү Болот Малабаев жер-жерлердеги шайлоо комиссиялардан маалыматтар толук келе электиги менен түшүндүрдү. Парламенттик шайлоого добуш берүү кечээ кечки саат сегизде аяктады. Саат 18:00де БШК шайлоочулардын 61,46% добуш берүүгө катышканын жарыялаган. Шайлоо тыянактары боюнча БШК алгачкы маалымат жыйынын саат 8:00де өткөргөнү жатат. (BuS)