БШКнын мүчөсү Дамир Лисовскийдин маалыматына караганда, алардын ичинде байкоочулардын аракеттерине каршы берилген доо арыздар да бар. Байкоочулар тескерисинче, мыйзам бузуулар тууралуу билдирмелерди БШК жана жер-жерлердеги шайлоо комиссиялары маани бербей жаткандыгын айтышууда. Негизги даттануулар шайлоо тизмелерине, жер-жерлердеги бюллетень саноодогу көп мыйзам бузууларга байланыштырылууда. Алардын катарында бюллетендерди кошуп саноого, кошуп жазууга байланышкан фактылар келтирилүүдө. (BuS)