Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

МЕКЕДЕ АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТЫ БАШТАЛДЫ


Мекеде бүгүн мусулмандардын жыл сайын өтүүчү ажылык зыяраты башталды. Сауд Арабиядагы ыйык жайларда 5 күнгө созулчу диний жөрөлгөгө быйыл дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан барган 2 миллиондон ашуун мусулман катышууда. Сауди бийликтери зыяратчылардын коопсуздугун камсыздаш үчүн бардык чаралар көрүлгөнүн айтышууда. Ошентсе да, жыл сайын ажылык сапары маалында кайтыш болгондордун саны жүздөп саналат.

Ажылык - саламаттыгы дурус жана каражаты жетиштүү ар бир мусулман үчүн ыйык парз, 5 парздын ичинен эң бир кадырлуу руханий жөрөлгө саналат. Теги Ирактык, азыр Канадада жашаган Хилми Хусейн быйыл Меккеге ажылыкка барган зыяратчылар арасында.

- Мен өзүмдү укмуштай сезип турам. Ажылыкка келгендин өзү мен үчүн абдан чоң мүмкүндүк. Быйыл бул жакка 3 жарым миллиондой киши келгени айтылууда, алардын баары биз менен чогуу алгачкы жөрөлгөнү аткарууга киришти.

Ажылык жалаң руханий эмес, саламаттык үчүн да чыныгы сыноо. Зыяратка аттангандар өз өмүрүн Алланын амирине арнап, көп жагынан тобокелге салышат. Мекеге баргандар кийиминин баарын чечип таштап, эки ак кездемени оронуп, баары кудай алдында бирдей таза жана тең экенин айгинелешет. Алар убактысынын басымдуу бөлүгүн сыйынууга арнап, жөрөлгө өтүп жаткан 5 күн ичинде тырмак-чач, сакал-мурутуна тийбей, шакек-шуру өңдүү зергер буюмдарды тагынышпайт.

Ажылык жыл сайын Сауд Арапстан бийликтери үчүн да чоң сыноо. Алар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан агылып барган миллиондогон зыяратчыларды баш калкалаар жай, тамак аш, тазалык жагынан камсыздоо ишин өзүнө алат. Мусулмандардын ыйык жайлары орун алган Меке шаары жыл сайын элдин тепсендисинде калып өлгөндөр, жугуштуу оорулардын жайылышы, өрт жана кол салууларга күбө болуп келатат.

Андыктан Сауд Арабиянын ички иштер министри, ханзаада Найеф Бин Абдул Азиз быйыл да жылдагыдай коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады.

- Бул жактагы зыяратчылар жана башка жөнөкөй адамдар – бул ыйык жерди урматтап, жараткандын ыйык жайына зыян келтирбейт деп Алланын амирине каниет кылабыз. Жараткан бизге бул жайды коргосун деп ишенич көрсөткөн, иншалла, биз ар бир зыяратчынын жана өз элибиздин коопсуздугун камсыздаганга жарайбыз деп ойлойм.

Жыл сайын Мина өрөөнүндөгү Жамарат көпүрөсүндө шайтандын сөлөкөтүнө таш ыргытуу жөрөлгөсү маалында элдин тепсендисинде калып каза тапкандар катталат, былтыр андайлардын саны 364 киши болгон. Ооганстандык журналист, ажылыкка барган Хабиб Ихрагими быйыл ал көпүрө кеңейтилип, көбүрөөк киши өткөндөй кылып жасалганын кабарлады.

- Азыр бул көпүрө 3 кабат кылып жасалган экен. Мекеден келаткан зыяратчылар 1-кабаттан өтүшөт, Муздалифа менен Арафат тараптан келаткандар 2-кабаттан, башкалары 3-кабаттан өтөт деп жазылып турат.

Сауди бийликтери бул 3 кабаттуу көпүрө аркылуу саатына 200 миң киши каттай алат деп билдиришти. Баса, быйылкы зыяратчылар арасында Ирандын президенти Махмуд Ахмаднижад да бар. Ал Тегерандан жөнөөр алдында ыйык Курандан аяттар келтирип, мукабага эринин тийгизип ыйбаа кылганын Ирандык телеканалдар көргөздү. Ахмадинежад Сауди жетекчилери менен жолугушаары белгиленген, байкоочулар бул шийилер үстөмдүк кылган Иран менен суннилер басымдуулук кылган Сауд Арабия ортосундагы мамилелерди жакшыртууга жардам берет деп боолгошууда.

Ажылык зыяраты жума күнү, ыйык Курман айт майрамы менен жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG