Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Ж. Буш Орусиянын Иранга өзөктүк отунду сатууну азайтышына кызыкдар


Эгерде Орусия Иранга өзөктүк отунду сатууну азайтса, дүйнө коомчулугуна Ирандын өзөктүк программасын токтотууга жардамы тиймек. Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш билдирди. Буштун айтымында, бул чаралар расмий Тегеранды уранды байытуу иштерин токтотууга түрткү болмок. Анын аралыгында, Ирандын бийлик өкүлдөрү уранды байытуу иштерин эч кандай кырдаалда токтотпой тургандыгын билдиришти. Мындан мурдараак Орусия Иранга өзөктүк отун бере баштагандыгын жана ал башка максаттарга колдонулбай тургандыгы тууралуу кепилдик алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG