Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

9:50 Бишкекте чукул шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык иш-чарасы өткөрүлмөкчү


“Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешов тараткан маалымат боюнча нааразылык иш-чарасы 20-декабрда Алатоо аянтында өтөт. Ага шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга жана шайлоонун жалпы жыйынтыктарына нааразы болгон бардык саясий партиялардын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, жаштар кыймылдары катышаары күтүлүүдө.
БШК алдын ала чыгарган маалыматтар боюнча 16-декабрдагы чукул шайлоолордо президенттин “Ак жол” партиясы 67,46%, “Атамекен” партиясы 12,2%, ал эми КСДП 5,87% добушка ээ болгондугун жарыялаган. Бир нече саясий партиялар буга чейин эле шайлоонун жыйынтыктары одоно түрдө бурмаланганын айтып, нааразылыктарын билдиришкен эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG