Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

13:00 Ф.Кулов: Жалгыз "Ак жол" менен парламент легитимдүү эмес


“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун маалымат жыйынында билдиргени боюнча шайлоо мыйзам бузуулар, шайлоочулардын добуштарын бурмалоо менен өттү. Эгер жалгыз "Ак жол" партиясы парламентке келсе, өлкөдө коррупция күчөйт, ал эми парламент өзү оор учурга туш келип атат, кыйынчылык башына түшөт, дейт Феликс Кулов. Анын айтымында келерки жылы нефть, газ жана азык-түлүктөр кымбаттайт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн иликтөөсүндө “Ар-Намыс” партиясы 5% жогору добушка ээ болгондугун белгилеген Кулов эгер Жогорку сот 0,5% босогону алып салса, “Ар-Намыс” парламенттен орун аларына ишенерин билдирди. Эгерде "Ар намыс" парламент мүчөсү болуп калса өлкөдө стабилдүүлүктү сактоого, экономиканы көтөрүүгө кол кабыш кыларын кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG