Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

15:45 Өмүрбек Текебаев Тоңдо


«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Ө.Текебаев Тоң районундагы абал менен таанышуу максатында ал жерде жүрөт. Шайлоодон кийин бул райондо оппозициялык партиялар өздөрүнүн добушун сактап калуу максатында бийлик менен ачык кармашууга өтүшкөн. 17-декабрда тоңдуктар Балыкчы –Бөкөнбаев -Каракол жолун 2 саат жаап, кайра ачышкан эле. Бул жерде райондун акими, райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы баштаган айрым мүчөлөрү бюллетендерди “Ак жол” партиясынын пайдасына бурмалоого аракет жасашкан. Ага “Ата Мекен”, “Аалам” баштаган партиялардын байкоочулары жол бербей койгондон кийин гана аргасы кеткен бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын талаптарын аткарууга убада берген эле. Бирок кийин райондук прокуратура бийлик өкүлдөрүнө каршылык кылган деп оппозицияны колдогондорго каршы кылмыш ишин козгогон болчу.

XS
SM
MD
LG