Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

16:40 Байтик айылынын тургундары президентке кайрылуу жолдойт


Бул туурасында Байтик айылынын тургуну Саадат Самторова «Азаттыкка» билдирди. Шайлоодо мыйзам бузуулар жана административдик колдоолор көз көрүнөө жасалды. Андыктан айыл тургундары шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдиришүүдө, деди Саадат Самторова. Мындай нааразылык шайлоо башталган күнү эле айтылган. Кашкасуу шайлоо участкасындагы байкоочу Кандыбек Кутманов эрте добуш бергендердин тизмесинде эч кандай каттоодо турбагандар, көзү өткөндөр жана чет өлкөгө көчүп кеткендер бар экенин билдирген болчу. Ал эми жалпы Аламүдүн району боюнча эрте добуш бергендердин саны 10% көрсөткүчтө болгону бүгүн да талаштуу боюнча калууда. Бирок буга байланыштуу облустук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Рахат Иманбекова эч кандай арыз түшпөгөнүн белгилеген.(JJ)

XS
SM
MD
LG