Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш билдирди. Америкалык президенттин айтымында, Орусиянын Иранга өзөктүк отун жиберүүсү бул өлкөнүн өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүн токтотуу боюнча эл аралык коомчулуктун аракетине жардам бериши мүмкүн. Тегеран болсо эми өзүнүн уран байытуу боюнча талаштуу программасын токтотуусу керек. Орусиянын Иранга Бушер атомдук электр сатанциясы үчүн өзөктүк отун жөнөтүүнү баштаганы жана бул ишти февраль айында аяктары кечээ белгилүү болгон. БУУнун Коопсуздук кеңеши Иран уран байытуу программасын токтотуу жөнүндөгү талаптарды аткарбаганы үчүн ага буга чейин эки санкция киргизген эле. Ал эми АКШнын чалгын кызматтары ушул айдын башында Иран өзөктүк курал программасын 2003-жылы токтотконун, бирок уран байытууну улантып жатканын билдирген болчу.