Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

03:15 Бөкөнбаев айылында жол ачылды


“Азаттыктын” дубандагы кабарчысы Рита Нурманбет кызынын маалыматына ылайык, жол кечээ, кечки саат алтыдан өткөндө ачылды. 16-декабрда Тоң районундагы Шорбулак жана Төрткүл айылындагы шайлоо участкаларынын төрагалары бюллетендер менен кармалгандан кийин бир күн барымтага алынып, жолдор буулуп, акыры бийлик тарабынан берилген убадалардан кийин бошотулган эле. Кечээ райондук прокурор шайлоого тоскоолдук келтирген үчүн аларды барымтага алгандарга кылмыш иши козголгонун билдиргенде, нааразыланган эл милициянын тосконуна карабай райондук акимчиликти басып алган. “Ата мекен” партиясынын лидерлери тиешелүү жетекчилердин убадасын алып, акимиатты бошотуп, жетекчилерге дагы бир күн мөөнөт бергени маалым болду. (RB)

XS
SM
MD
LG