Евробиримдиктин өкүлчүлүгү Кыргызстанда парламенттик шайлоо бир катар эл аралык стандарттарга төп келбей калды деп тынчсызданды. Мындай билдирүүнү кечээ байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссия таратты. Айрыкча добуш саноодогу айкындыктын жоктугуна, Шайлоо кодексиндеги жоболордо кош маанилүүлүктүн болушуна кабатырлануусун билдирди. Европа биримдиги шайлоо жараяндарын ЕККУнун алдындагы милдеттерге жана эл аралык стандарттарга теңештирүү аракеттерин колдоорун билдирип, Кыргызстанды Демократия институту жана адам укуктары боюнча бюро менен тыгыз кызматташтыкты улантууга чакырды. (BuS)
08:38 Евробиримдик: парламенттик шайлоо бир катар эл аралык стандарттарга төп келбей калды