Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

10:30 Ошто “Ата Мекенчилердин” ачкачылыгы уланууда


Партиянын Ош облустук координатору Бакыт Калпетовдун айтуусунда ачкачылык токтотулбайт, ушул тапта партиянын облустук штабында уланып жатат. Кечээ кечке жуук дарыгерлер келип, ачкачылык кармагандардын акыбалын текшерип, эки-үч кишиге ден-соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтотууну сунуш кылышкан. Ачкачылык акциясынын катышуучулары БШКдан Ош облусу боюнча бардык участоктордо добуштарды кайрадан эсептөөнү, добуш берүүчүлөрдүн тизмелерин текшерүүнү талап кылышууда. Бакыт Калпетовдун пикиринде шайлоого БШК айткандай 80% ашуун шайлоочу катышты дегендин өзү уят, Ош облусунда эле шайлоо укугуна ээ курактагы жарандардын 50% ашыгы ички-тышкы миграцияда жүрүшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG