Аталган уюм Жалалабат шаары менен Базаркоргон районундагы парламенттик шайлоого көз салган. Байкоочулар адам укугуна жана шайлоо кодексине каршы келген олуттуу 20 фактыны катташкан. Бул тууралу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун облустагы координатору Абдиназар Маматов билдирди. Анын айтымында шайлоо күнү адам ташуулар, кайра-кайра добуш берүүлөр жана башка бир нече мыйзам бузуулар болгон. Байкоочулардын ишине тоскоолдук жасалган, добуштарды саноо учурунда алар шайлоо участкаларынан чыгарылып жиберилген. (YA)
18:22 “Жарандар коррупцияга каршы” уюму Жалалабатта шайлоодо болгон мыйзам бузууларды жарыя кылды