Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Аба ырайы: Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 20-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -6...-11 градус.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз 0...+2 градус.

XS
SM
MD
LG