Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

ОШ: КУРМАН АЙТ САЛТАНАТЫ (Сүрөт баян)


Кар жаап тургандыгына карабастан 19-декабрда Ош шаарында Бабур атындагы өзбек драма театрында Курман Айтка арналган салтанат өттү. Ага Ош шаар мэри Жумадыл Исаков катышып, ачкачылык жана башка нааразычылык акцияларын уюштургандарды катуу айыптап, «Президент Бакиевдин саясатына каршы чыккандарды кудайга койдук!» деген оюн жарыя кылды. Кыргызстан муфтийинин орун басары Саипжан Абдувахидов да Кудайдын куттуу күнү курсакты ач кармаганга шарият жол бербей тургандыгын билдирди. Салтанат убагында көпчүлүк кишилер лотерея ойнотулат дешкенинен чогулушкандыгын «Азаттыкка» айтышты. Мэриянын жооптуу кызматкери Курманбай Ташибаев лотерея ойнотулат деген идеяга жергиликтүү бийликтин таптакыр тиешеси жоктугун, ал демилгенин ээсин укук коргоо органдары да таппай жатышкандыгын маалымады.











XS
SM
MD
LG