Түштүк Кореянын азыркы президенти, либералдык маанайдагы саясатчы Но Му Хендин бийлик мөөнөтү келерки жылдын февралында аяктайт. Жергиликтүү мыйзамдар боюнча ал кайра шайланууга бара албайт. Президенттикке 2002-жылы келген Но Му Хен бийликте турган жылдары оппоненттеринин бир катары айыптоолоруна карабай, коңшу Түндүк Корея менен ымаланы жакшыртууга умтулган мамлекет башчысы катары эсте калчыдай.
Түштүк жана Түндүк Корея ортосунда мамлекет башчылар деңгээлинде акыркы 50 жыл ичиндеги экинчи саммит Но Му Хендин тушунда өттү. Эки өлкөнүн президенттери алгачкы ирээт 2000-жылы жолукса, азыркы президент Но Му Хен Пхеньянга быйыл октябрда барды. Бул визитинин символдук белгиси катары эки өлкөнүн чек арасын бөлгөн аймакты жөө кесип өткөн эле. Эки корей мамлекети өткөн кылымдын 50-жылдары орун алган согушту жыйынтыктаган расмий чечимди алигиче кабыл ала элек.
Ал эми Түштүк Кореянын кийинки президенти болору күтүлүп жаткан Ли Мён Бак Түндүк Кореяга карата көп эле берешендик кылбоонун, каталыраак мамиленин жактоочусу. 65 жаштагы Ли Мён Бак мурда автомобиль чыгаруучу Hyundai компаниясынын жетекчилеринин бири болгон. Экономикалык маселелер анын программасынын өзөгүн түздү. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Түштүк Кореянын 37 миллион шайлоочусунун көбүн экономиканын өнүгүү ыргагын тездетүү жөнүндө ал берген убадалар ишендире алгандай. Ли Мён Бактын шайлоодо жеңишке жетишүүсү менен ал өкүлү болгон, консервативдүү маанайдагы "Ханнара" партиясы соңку он жылдан кийин кайра бийликке келүүдө. Бүгүн добуш бергенден кийин Ли Мён Бак буларды айтты:
-Бизге азыр акыркы он жыл боюу өмүр сүргөн режимди өзгөртүү керек. Мени ишенимимде, бул алмаштырууну адмдар өз аракети менен ишке ашыруусу абзел.
Түштүк Корея экономикалык кубаты жагынан дүйнөдө он үчүнчү орунда турат. Азыр Кыргызстанга бул өлкөдөн инвестиция келе баштаган кези. Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри, учурда Кыргызстан –Түштүк Корея инвестициялык фондунун башкы директору Жумакадыр Акенеев ал кездеги премьер-министри Алмаз Атамбаев баштаган делегациянын курамында жакында Сеулга барып келген эле. Алардын иш сапары президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү жүрүп жаткан учурга туш келген:
-Биз билгенден жаңыдан президент болуучу Ли мырза бизнеске жакын адам экен. Корея мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошуптур. Азыр өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүшү 1 триллион долларга чыкты. Түштүк кореялыктар эгер бул киши президент болсо, Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүн эки эсеге чейин көбөйтүү оюу бар экенин айтып жатышат жана буга сүйүнүшүүдө. Ли мырзаны "Ханнара" партиясы алып чыкты. Бирок Түштүк Кореянын экономикасын жылдырып жаткан Hyundai, Samsung, LG өңдүү ири корпорациялар бул партиянын артында турушат. Биз Түштүк Корея менен түзгөн эки тараптуу келишимдердин баары "Ханнара" партиясынын өкүлдөрү менен макулдашылган.
Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун же эксзит-поллдун жыйнтыктарына караганда, "Ханнара" партиясынын өкүлү Ли Мён Бакты добуш бергендердин 50,3%ы, ал эми анын атаандашы либералдык маанайдагы жана азыр бийликте турган Бирдиктүү демокрратиялык партиянын өкүлү Чон Дон Ёнду 26%ы колдогон. Шайлоонун толук эмес расмий тыянагы да ушул цифраны көргөзүүдө.
Кошумчалай кетчи дагы бир жагдай, Түштүк Кореянын кийнки президенти болору күтүлүп жаткан Ли Мён Бакты шайлоо өнөктүгү учурунда коррупцияга аралашканы, көз бойомочулукка абарганы үчүн айыпталды. Ушул дүйшөмбү күнү өлкө парламенти болочок президенттин дарегине айтылган айыптоолорду иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Парламенттик комиссия өз ишин келерки жылдын февралында жаңы президенттин кызматка расмий киришүү аземи өткөнгө чейин бүткөрүшү керек.