БШК чечимине ылайык Жогорку Кеңешке «Ак жол» партиясына 71 депутаттык орун, СДПК партиясына 11 орун, ал эми Коомунисттик партияга 8 орун берилди. Жалпы республика боюнча экинчи орунга чыккан «Ата Мекен» партиясы Ош шаарынан 0,5% тосмону ашып өтө алган жок деген БШК чечимине ылайык оппозициялык партия парламентке кирбей калды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн эртең мененки жыйынында бул жыйынтыктарды өз токтому менен бекитти. (AiT)