16-декабрдагы шайлоодон кийин мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамсыз эркинен ажыратууга барган деген айып «Атамекен» партиясынын Тоң району боюнча жаштар канатынын лидери Бакыт Рысбаев жана Сабырбек Заировдун апасына милиция тарабынан коюлган. Айыпталгандарды ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов бүгүн Тоң районунда өзү суракка алып жатат, деп билдирди Ысыккөлдөгү «Азаттыктын» кабарчысы Рита Нурмамбет кызы. (AiT)