Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ШАХ- МАТ


“Де-факто” гезитине Коопсуздук Кеңешинин катчысынын мурдагы орунбасары Алик Орозовдун “Президент бардыгыбызга шах койду, бирок анын мат болуп калышы заматта” деген интервьюсу жарык көрдү. А.Орозов, бул шайлоодо акыл-эс жеңилип, админстративдик басым-кысым жеңгенин, сыртынан шайлоо сыяктуу болуп көрүнгөн менен мурдатан ойлонулган оюн болуп өткөнүн, бирок кандай болбосун эл менен минтип ойноо өтө опурталдуу болорун, өз элин каратып туруп кашайткан бийлик өзүнүн таман алдына бир заматта жарылып кете турган бомбаны коюп алганын, эми элдин кыжыры кайнап турган, ичи күкүрткө шыкалган бочкеде көпкө дейре олтуруу мүмкүн болбой калганын, бул бомба Акаевдыкына окшоп 15 жылдан кийин эмес, андан алда канча эрте жарыларын айткан чекист, эми Жогорку Кеңешке келе турган “Ак жол” партиясын “Алга, Кыргызстандыкынан” да жаман тагдыр күтүп турганын, Ысык-Көлдө 100 пайыз “Ата Мекенге” берген элди добушун каракчылык менен “Ак жолго” жазып салышканын, бирок бийлик алмашары менен “Ак жол” жерде изи калбай жексен болорун, ал эми Ата Мекен эли менен кала берерин белгилеп, бүгүн президент баарыбызга шах койгонун жарыялады, бирок король табиятында да, турмушта да, шахамт оюнунда да шах койбойт, болгондо да өз элине. Эми өз элине шах койгон президенттин мат болору турган иш болуп калды, деп айтты.

Гезитке персоналдык пенсионер Каысм Исаевдин макаласы да жарык көрдү. Автор Бишкектин Ала Тоо аянтындагы таш тактадагы “АСЫЛ ОЙ, АК СӨЗ, АДАЛ ИШ” деген жазууну кимдин демилгеси менен жазышканын билбейм, бирок азыр аны окуган адам шылдың кылып күлүп өтөт, ошондуктан аны бүгүнкү турмуш чыныдыгына ылайыктап “АРАМ ОЙ, КАЛП СӨЗ, ЖАМАН ИШ” деп кайра жазып чыгуунукерек деп жазат. Гезит мындан тышкары шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон Жумгалдыктар Кара-Кечеге кетчү жолду тоскону жатканын, өзү “Туран” партиясында жүрүп Камчыбек Жолдошбаев элди “Ак жолго” үндөгөнүн, койгон талаптары бүгүн саат 2ге чейин аткарылбаса Тоңдуктар Балыкчы-Тоң-Каракол жолун кайрадан тосорун, нааразылыктар Ысык-Көлдө, Талас менен Нарында да башталарын маалымдайт. Гезитке ошондой эле “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун “Максим Бакиев менен келишип алып Ж.Назаралиев бизди таштап качып кетти”, “Жарандар коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын “Бул шайлоодо криминалдык элементтер да роль ойноду” деген интервьюлары жарык көрдү.

Тележурналист Мыктыбек Арстанбек КТРдын реклама жетекчиси эки жылда особняк салып, Джип Ландкрузер минип кетти деп билдирип, КТРда онго жакын жетекчини көргөнүн, баары эле “мен реформа кылам, кыйратам” деп келип кете беришерин, КТРды оңдош үчүн коомду оңдош керектигин кеп салган.

“Кыргыз руху” гезити президент саясый багытты чукул өзгөртүп, бүтүндөй жоопкерчиликти командасы менен мойнуна алып олтурат, болгону ар кошкондон бир кошкон оппозициячыларыбыз эле кайрадан элди дүрбөтүп жибербесе. Бирок поюз узап кетти. Эл аралык коомчулук “Ак жол” партиясын колдоп, алтургай коңшу мамлекеттердин башчылары президент К.Бакиевге дембе-дем куттуктоо телеграммаларын жөнөтүп жатат деп баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG