Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

УКУК КОРГООЧУЛАР АБАКТА


“Мен ишенбейм” деген ураан менен пикетке чыгышканы үчүн белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жана жаштардын тобу убактылуу кармоочу жайда камакта жатышат. Алар менен президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн жолукту. Укук коргоочу акцияга чыккан адамдарга карата тартип коргоо кызматынын жана соттун мамилесин чектен чыккан жорук катары баалоодо. Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов болсо тартип коргоо кызматы мыйзамдын чегинде иш кылган деп эсептейт.

Бейшембиден жумага караган түнү Биринчи май райондук соту белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованы 7 күнгө, Назгүл Турдубекованы беш күнгө, алардан башка дагы 8 адамга алты, беш күндөн камоого чечим чыгарган. Алар учурда убактылуу кармоочу жайда камалып отурушат.

Кечээ “Мен Ишенбейм!” деген ураан менен акцияга чыккандар тууралуу материал жасаганы барган 24 KG агенттигинин журналисти Айзада Кутуеваны да милиция күч менен да кармап барып камап салган. Бишкек шаар ИИБдин жетекчиси менен 24 KG агенттигинин редакциясынын сүйлөшүүсүнөн кийин Кутуеваны эки сааттан кийин чыгарышкан.

-Муну милициялардын мыйзамдык укугунан чыккан аракети катары баалайм. Мен кызматтык тапшырма менен акцияны чагылдыруу үчүн ошол акцияга баргам. Анан мени күч менен милиция кызматкерлери автобуска салып убактылуу кармоочу жайына кылмышкер катары алып барып камап коюшту. Мен муну ойлойм тартип коргоо кызматкерлери адам укугун коргобой эле, кордоп калышканбы деп,-деди Кутуева.

Убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенде Кутуева журналисттик күбөлүгүн көрсөтүп журналистмин десе дагы милициянын кызматкерлери аны камайбыз деп коркутуп орой мамиле кылышкан. Журналисттин айтымында, бийлик муну менен элди коркутуу ыкмасына өтүп, адам укугун тебелөөдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылып, мыйзамдын чегинде иш алып барышканын айтты. Сеитов белгилегендей шаар башчысынын токтомуна ылайык ар кандай акциялар күн мурунтан шаар бийлигине эскертилип, андан соң митингге атайын бөлүнгөн үч жерде гана өткөрүүгө улуксат берилет Калган жерлерде пикет, митинг өткөрүү мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун бүгүн убактылуу кармоочу жайга барып, Төлөйкан Исмаилова менен жолугушуп, кармалгандардын абалы менен таанышып чыкты. Анын айтымында, Административдик жаза кодексинин 598-беренесине ылайык булар жогорку жактарга аппеляциялык арыз менен кайрылышы керек. “Алардын арызы район аралык сотто каралганга чейин булар камактан бошотулушу зарыл. Мен бул маселе боюнча Бишкек ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев менен сүйлөштүм”,-дейт Турсунбек Акун.

-Бул иш аракеттер милициянын чектен чыккандыгы, эгерде буларды азыр бошотпосо, ар бир сааты үчүн жооп берет.

Турсунбек Акундун айтымында, нааразылык акциянын катышуучулары жаткан камак бөлмөлөрү суук, астынан ным өтүп турат.

Буга чейин укук коргоочу Максим Кулешов да “Коррупцияга каршы” акцияга чыгып, тартип коргоо кызматы тарабынан кармалып 5 күнгө камакка кесилген. “Франс- пресс” агенттигинин кабарчысы Толкун Наматбаева да кечээ ““Мен Ишенбейм!” акциясы боюнча материал даярдаганы барганда, аны милициялар кармап кетип, эки сааттан ашык камакта отурган.

Бүгүн Горький эстелигинин жанына тынч митингге чыккандардын он чактысын, ал эми Өмүрбек Текебаевдин айтымында, отузга чукул адамды милициялар кармап кетип, камап салышкан.

XS
SM
MD
LG