Учурда бир нече укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Бишкек шаардык ИИБнын жанында турушат. Алар менен кошо жүргөн КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун “Азаттыктын” кабарчысына маалымдаганы боюнча “Мен ишенбейм..” акциясынын катышуучуларынын иши бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралуусу мүмкүн. Анын айтуусунда жарандык кодекстин 598-беренеси боюнча апелляциялык арыз берилген учурдан тартып, камактагылар бошотулууга тийиш. Турсунбек Акундун сөзү боюнча шаардык милиция жетекчилиги сот чечими болмоюн, бошото албайбыз, деп айтышкан.(ZKo)