Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:43

“МЕН ИШЕНБЕЙМ” НААРАЗЫЧЫЛЫК ЧАРАСЫНА КАТЫШКАНДАР БОШОТУЛДУ


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек 22-декабрда кечинде Бишкек шаардык соту убактылуу камоочу жайда кармалып турган укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекова жана бир катар жаштар уюмдарынын жана партиялардын жаш канаттарынын онго жакын өкүлүн Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык азат кылды. Бул беренеге ылайык айыпталып жаткандар сот чечимине макул болбой жогорку инстанцияларга даттанган убактан тарта камактан бошотулууга тийиш. Шаардык сот бул ишти 24-декабрда түштөн кийин карамай болду.

Он тогуз жаштагы Айзада “Дилгир” жаштар кыймылынын мүчөсү. Биринчи май районунун милициясы кармап, райондук сот жазага тарткан ондой жаштардын арасында ал дагы бар:

- 20-декабрда “Мен ишенбейм” деген акцияга чыкканбыз. Анан беш мүнөт тургандан кийин эле баарыбызды салып алып кетип калды. Бизди соттогондо ар бирибизди бирден чакырып, сот жабык өттү. Мени да чакырып, беш күн камаласың дешти.

Айыпталып жаткандардын жактоочусу Сартбай Жайчибековдун билдиришинче “Мен ишенбейм” нааразылык иш-чарасынын катышуучуларынын 5-7 күнгө эркинен ажыратылып камалышы мыйзамсыз болгон:

- Соттоп, сот кайсы бир жыйынтыгын чыгаргандан кийин, ал чечим дароо күчүнө кирбейт. Он күн арызданууга убакыт берилет. Чечим ошол он күн өткөндөн кийин гана күчүнө кириш керек. А булар болсо (авт. Биринчи май райондук соту) чечимди дароо эле окуп, окуп бүтөөр менен эле камап салган.

Сартбай Жайчибеков пикет катышуучуларынын камалышын үстүртөн берилген буйрук деп сыпаттайт.

Ал эми милиция өкүлдөрү бул айтылгандарды төгүнгө чыгарып, тек гана Бишкек шаардык кеңештин токтомуна жараша тартипти камсыз кылып, өз милдеттерин аткарганын билдиришүүдө.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына канааттанбагандардын “Мен ишенбейм” акциясы биринчи ирет 18-декабрда БШКнын имаратынын алдында өткөн. Анда Биринчи май райондук милиция бул нааразылык чарасынын он тогуз мүчөсүн кармап кетип, кечинде иш сотто териштирилгенге чейин бошотулган болчу. 20-декабрда мындай акция экинчи жолу уюштурулуп, милиция бул жолу жаштарга кошуп укук коргоочуларды салып кеткен. Ошол эле күндүн түнүндө райондук соттун көчмө жыйыны өтүп, камалгандардын кээ бирлери 5-7 күн эркинен ажыратылган, айрымдарына акчалай айып салган.

Кармалган жаштар мындай аракеттер менен бийлик атуулдардын өз оюн эркин айтуу укугун тебелеп, коркутуу ыкмаларына өттү деп сыпаттап, нааразылык чараларды дүйшөмбү күнү да улантууга камданып жатышат:

- Акциябызды буйурса биринчи күнү да БШКнын алдында улантабыз. Бизди кайра кармап кетиши толук мүмкүн, анткени бизге эскертүү берилди да. Дагы чыга турган болсоңор баарыңар он беш сутка камаласыңар деп айтышты. Биз ага деле кайылбыз. Он беш күн биз үчүн, биздин ден-соолугубуз үчүн зыяндыр же дагы бир нерсе болоттур. Бирок биз он беш сутка унчукпай койсок, бул убакыттын ичинде эле өлкөбүздө опурталдуу кырдаал түзүлүп калышы толук ыктымал,- дейт, “Кылым шамы бейөкмөт” уюмунун жаш мүчөсү Гүлшайыр Абдрасулова.

XS
SM
MD
LG