Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

“ЗАМАНДАШ” ЖУРНАЛЫ ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫН АНЫКТАДЫ (сүрөт баян)


«Замандаш» «Жылдын мыктыларын» атады. “Жылдын мыкты депутаты” деген сыйлык “Атамекен” партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариевге берилсе, “Жылдын мыкты журналисти” болуп “Агым” гезитинин өкүлү Алым Токтомушев аталды. 4 жылдан бери “Замандаш” журналы саясаттагы, экономикада, маданият, спорт, айыл-чарба жана башка тармактарда таанылган исандардын мыктыларын аныктап келатышат.

« Жылдын мыкты депутаты-2007» сыйлыгын алып жатып парламенттин экс-депутаты Темир Сариев мындай деди:

- Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар жылына бир жарым- эки миллард доллар алып келип, сомдун стабилдүү болушуна, элдин турмуш- тирчилигине салым кошууда. Сыртта жүргөн эки жүздөн ашуун ишкер Кыргызстанга кайтып келсе, өлкө өнүгүп өсөт эле,- деди Темир Сариев. Ага сыйлыкты Жогорку кеңештин мурдакы төрагасы Абдыганы Эркебаев тапшырды.

«2007- жылдын мыкты мамлекеттик ишмер» деген сыйлыгына өлкөнүн мамлекеттик туризм агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашев ээ болду.

- Бул сыйлык жеке менин үлүшүм эмес, биздин туризм тармагына иштеген кызматкерлерин ишин баалагандык. деди Турусбек Мамашев.

Улуттук рухий дөөлөттүн бийиктешине, маданий көрөңгөнүн байышына салым кошкону үчүн Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев «Улут күзгүсү» деген сыйлыкка арзыды.

Кыргызстандын биринчи космонавты, кыргыз Эл баатыры Салижан Шариповго «Чет мамлекеттеги таанылган инсан» деген сыйлык ыйгарылды. Салижан учурда АКШда машыгууда жүргөндүктөн сыйлык космонавтын иниси Акимжан Шариповго тапшырылды.

«Жылдын мыкты дарыгери-2007» сыйлыгы көз микрохриргиясы госпиталынын профессору Алмазбек Исманкуловго берилди.

«Жылдын мыкты мугалими» сыйлыгын Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин окутуучусу, химия илимдеринин доктору Мира Баткибековага тапшырылды. Себеби ал тарбиялап, даярдаган мектеп окуучулар, студенттер дүйнөлүк илим олимпиадасында күмүш жана коло медаль жеңип келишкен. Сыйлыкты тапшырып жатып билим берүү министринин милдетин аткаруучу Ишенгул Болжурова өлкөдө 2008- жылы окуучулардын илимий олимпиадалык даярдоо борбору ачылаарын билдирди.

«Жылдын мыкты журналисти-2007» сыйлыгы терең аналитикалык макалалары үчүн «Агым» гезитинин баш редакторунун орун басары Алым Токтомушевге берилди. «Өкмөт деле көңүл бурчу эмес эле, аты- жыты белгисиз далай журналист сыйлык алып келген, «Замандаш» журналы көңүл бурганыңарга ырахмат»,- деди Алым Токтомушев.

«Алатоо булбулу» деген урмат- сыйга Улуттук опера жана балет театрынын жаш ырчысы Жамийла Райымбекова арзыды.

«Жылдын мыкты киносу-2007» сыйлыгы былтыр тартылып, быйыл эл аралык бир нече сыйлыктарга арзыган «Боз салкын» кино тасмасына ыйгарылып, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровго маданият жана маалымат министринин милдетин аткаруучу Султан Раев тапшырып, “өлкөнү чет жерге маданият менен мигранттар таанытып жатышат» деди.

Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн өнүгүшүнө салым кошкону үчүн «Азат-мебель» ишканасынын жетекчиси Бейил Айдакеевага «Жылдын мыкты ишкери» сыйлыгы тапшырылды.

«Жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгына грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов ээ болду.

«Жылдын мыкты элдик өнөрпозу» сыйлыгына жаш төкмө акын, комузчу Асылбек Марат уулу татыктуу деп табылды.

Ошондой эле «жылдын мыкты чарбасы» деп Сокулук районундагы «Рассвет» дыйкан чарба кошуну аталды.

«Замандаш» коомдук уюмунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракуновдун айтымында жылдын мыктыларын коомчулуктун өкүлдөрү, журналдын окурмандары, бейтарап эксперттер атайын комиссия мүчөлөрү упай берүү менен аныкташты.















  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG