"Прогресс" кемеси бүгүн Казакстандын аймагындагы Байкоңурдан учуп чыкты. Жердеги көзөмөлдүн маалымат кызматы "Прогресс М-62ге" күйүүчү май, азык-түлүк, техникалык жабдыктар менен катар, америкалык командир Пегги Уитсонго жана НАСАнын учуулар инженери Дан Таниге арналган белектери бар экендигин кабарлады. Ал эми Эл аралык бекеттеги команданын үчүнчү мүчөсү, орус космонавты Юрий Маленченко жаңы жылдык белек-бечкек менен катар 46 жашка чыккан кечээки туулган күнүнө байланыштуу да урук-туугандарынан белек алмакчы.