Анда азыркы мамлекет башчысы Ислам Каримов дагы жети жылга бийликте калары күтүлүүдө. Ислам Каримовго быйыл үч талапкер атаандаш болду. Бир катар оппозиционерлер менен укук коргоочулар кечээги шайлоо эркин жана адилет болгон жок деп билдиришти. 2000-жылы өткөн президенттик шайлоодо Каримов шайлоочулардын 92 пайыз добушун алган.