Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

МЕКЕДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫК СЕГИЗ ЗЫЯРАТЧЫ ООРУП КАЗА БОЛДУ


Медина аркылуу Мекеге барган кыргызстандык ажылардын алды бүгүн Кыргызстанды карай сапар тартышат. Мединага бара элек ажылар Мекеден Медина шаарына жөнөшүүдө. Мекеде кыргызстандык ажылардын сегизи өз ажалынан – оорудан каза болду.

Биз оболу Мекедеги кыргызстандын ажылык штабынын башчысы Канат Мырзахалимов менен телефон-маек курдук. Ал акыркы жаңылыктар туурасында кеп салды:

- Кыргызстандан келген ажыларыбыз Арафатта, Минада, Муздалифада бардык ибадаттарын аткарып бүтүштү. Медина аркылуу Мекеге келгендер шейшембиден Кыргызстанга кайта башташат. Алгачкы учак те Акабадан Ошко учат. Ал эми түз Мекеге келгендер Мединага барышып, ал жакта да зыяраттарды жасап анан кетишет. Биздин штабдын мүчөлөрү азыр ажыларыбызды Медина шаарындагы мейманканаларга жайгаштыруу үстүндө иштеп атышат.

- Ажыларда аманчылык-эсенчиликпи?

- Кыргызстандык ажылар эч кандай кырсыкка учураган жок. Бирок, өз ажалынан – оорудан кыргызстандык 8 адам каза болду. Алардын жашы 70тен жогору карай – 82ге чейин. Экөө аял киши. Бир карыя жети жылдан бери ооруп жүрүп, Мекеде узасам деп тилек кылып келген экен. А киши дагы көз жумду. Негизи жүрөк оорусунан, кан басымынын көтөрүлүшүнөн “кетишти”. Ошондо Ош облусунан экөө, Баткен облусунан экөө, Жалалабад облусунан экөө, Чүй облусунан экөө көз жумду.

- Аларды жерге коюу зыйнаты кандай өткөрүлдү?

- Саудиянын ажылык министрлиги тарабынан бекитилген тартип боюнча. Өлүкканага алпарышат. Андан кийин биздин штаб Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган документ тапшырдык. Ошондой эле Кыргызстандагы үйбүлөсүнөн Мекеге коюуга макулдук керек. Өлүккананын жанындагы мечиттерде исламдын бардык жөрөлгөлөрү жасалып, анан “жайга” алпарып көмүшөт.

- Кыргызстандык ажылар бүт катышабы же...

- Жок, андай мүмкүнчүлүк болбойт. Жалпысы 4,5 миң ажы бар да Кыргызстандан. Ажы башчылары, жакын адамдары, бирге жүргөндөрү, штаб мүчөлөрү эле барышат.

Мекеде өз ажалынан каза болгондор туурасында Ысыккөлдөн барган Марат-ажы Ашыралиев да кеп салды:

- Cегизи тең картаң, анан оорулуу адамдар экен. Өпкөсү, жүрөгү, кан басымы... Ал тургай гангренасы барлар да... Ажысы кабыл болду алардын...

Азыр ажылардын көпчүлүгүнүн ангинасы, бронхасы кармап – ооруп жатышат. Дагы жакшы, дарыгерлерибиз кыдырып карап жүрүшөт. Айрыкча Кыргызстандын айылдарынан келгендер кондиционерге көналбай коюшту. Туура пайдалана албай... Бири өчүр дейт, бири күйгүз дейт. Бир бөлмөдө төрттөн, бештен, жетиден, тогуздан, он экиден жаткандар болду да. Бир таң калыштуу нерсе, жердин ыйыктыгыбы, бул жакта кемпир-чалдар кадимкидей кубаттанып – жүгүрүп калышат экен. Биз таң калдык.

- Кыргызстанды сагындыңыздарбы?

- Сагынбай анан! Айрыкча Кыргызстандын суусун сагындык. Тоонун, элдин баркын билдик тимеле.

Марат-ажы Ашыралиев Жетиөгүздө кадимки Тилекмат элчинин урпактарынан болорун да сөзгө кыстарды. Айылына барары менен Тилекмат атанын урпактарын чогултуп, а кишиге куран окутуп, Мекеде көргөн-билгендерин туугандарына толук айтып берсем дейт.
XS
SM
MD
LG