Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

“МЕН ИШЕНБЕЙМ” АКЦИЯСЫ ТОКТОБОЙТ


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жаштардын “Мен ишенбейм” каршылык акциясына чыккандар бүгүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекова баш болгон укук коргоочулардын жана жаш саясатчылардын айтымында шаардык кеңештин митинг акцияларды чектеген чечими Конституцияга кайчы келет. Андыктан, алар бийликтин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген каршылык акцияларын токтотпой өткөрө беришмекчи.

“Мен ишенбейм” акциясы биринчи ирет 18-декабрда БШКнын имаратынын алдында өткөн. Экинчи жолу мындай акция 20-декабрда уюштурулуп, анда укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Назгүл Турдубекованы жана саясий партиялардын жаш канаттарынын ондон ашык өкүлүн милиция мыйзамсыз нааразылык иш-чара уюштурду деген кине менен кармап кеткен.
Кармалгандардын ишин Биринчи май райондук соту карап, айрымдарын беш-жети күнгө эркинен ажыратып, башкаларга акчалай айып салган. Бишкек шаардык соту 22-декабрь күнү кечинде аларды Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык бошоткон болчу. Бул берене боюнча айыпталып жаткандар сот чечимине макул болбой жогорку инстанцияларга кайрылган убактан тарта камактан бошотулууга тийиш.
Айыпталып жаткандардын жактоочусу Сартбай Жайчибековдун айтымында “Мен ишенбейм” чарасына чыккандарды камакка алуу мыйзамга туура келбейт:
- Жыйырманчы декабрда болгон окуяда бир дагы процессуалдык эреже сакталган эмес. Милициянын жетекчиси, сот жана мэриянын башчысы өздөрү каалаганын жасашты. Соттун колуна протокол тийбесе да ал өзүнчө барып соттоп атат. Бул деген анархия!
Укук коргоочу Назгүл Турдубекова болсо Бишкек шаардык кенешининин токтому Баш мыйзамга каршы келип, милиция менен жарандардын ортосундагы чыр-чатактардын очогу болуп атканын айтат:
- Шаардык кенештин токтому адамдардын укуктарын одоно бузган документ. Анын айынан баарыбыз күбө болгон чыр-чатактар, адамдарды мыйзамсыз камоо орун алды. Мындай кадамдар менен азыркы бийлик мурдагы бийлик кетирген каталарды кайталап жатат.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Эрмек Козубеков шаардык кеңештин токтому мыйзамдуу деп билдирди “Азаттыкка”.
Шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы уюштурулган акцияга чыгып, кармалып, эки күн камакта отуруп келген укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова камоочу жайдагы абал туууралуу кеп кылды. Укук коргоочу ал жайдагы шарттар адам чыдагыс экенин айтып, камоочу жайды жабуу талабы менен прокуратурага арыз жазгандарын билдирди:
-“Камоочу жайдагы шарттар эң эле начар, 30 жылдан бери ремонт болбогон. Отурган жерибиз суук, кир, сасык жыттан баш айланат. Төрт аялга эки кир жууркан берилген. Мындай жерде адамдар отурбашы керек, ал жайды жабуу зарыл. Биз ошол жерде отурган адамдардын укугун коргоп, милицияны, сотту мыйзамдуулукка чакыруу максатында Баш прокуратурага арыз жаздык.”
Төлөйкан Исмаилова менен бирге камакка алынган “Мен ишенбейм” нааразылык иш чарасынын катышуучуларынын эң жашы он сегиздеги Айчүрөк Маматкадырова камакта отурган күндөрдү мындайча эскерет:
- Бизди камоочу жайга алып киргенде алгач дааратканага келдикпи деген ой кетти. Ал жерде суук, уктаганга мүмкүн эмес. Ошон үчун биз түнү бою патриоттук ырларды ырдап аттык. Айрым милиция кызматкерлери ал ырларды угуп, жашыганын айтышты.
Шайлоодогу бурмалоолорго нааразылык билдирип чыккандар бийликтин аларды коркутуу аракети оңунан чыкпаганын айтышып, мындай акциялар дагы да улана бере турганын билдиришти.

Айгүл Жунушалиева, Прага

XS
SM
MD
LG