Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

АЛИШЕР САИПОВДУН ӨМҮРҮН КЫЙГАНДАРДЫН ИЗИ ЧЫГА ЭЛЕК


Белгилүү журналист Алишер Саипов Кыргызстандын түштүк башкалаасында атып өлтүрүлгөнүнө туптуура эки ай толду. Тилекке каршы, анын кырчындай өмүрүн кыйгандардын эмдигиче изи табыла элек. Кесиптештери укук коргоо органдары кылмыш бетин ачаарына ишенишпесе, бийлик өкүлдөрү канкорлор табылаарынан күмөн санабайт.

ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын төрагасы Кадыр Кошалиев кесиптеши Алишер Саиповдун курч журналист экендигин эстеп, анын көзүнүн тазаланышына Өзбекстандын КГБсынын тишеси бардай деген шектенүүнүн башын кылтыйтат:

- Алишер Саипов курч калемдуу, курч сөздүү журналист болчу. Көбү айтып атышат бул өзүнүн профессионалдык кесибине байланыштуу болду бул өлүм деп. Өзбекстан жөнүндө көп жазчу эле, ал жактан кызматы мүмкүн атайын тапшырма алдыбы деген сөздөр да бар, - дейт Кадыр Кошалиев.

«Жаңы Заман» гезитинин баш редактору Эркин Кожогелдиев Акаев заманында жакпай калган журналисттерди сот аркылуу куугунтукташса, эми Бакиев бийлигинин тушунда кесиптештерин уруп-сабоо, а түгүл өлтүрүү адатка айлангандыгына кабатырланды.

- Мен журналист катары айтат элем, бул өлүм журналисттик ишмердигине байланыштуу болду. Буга чейин “Кыргыз рухунун” кабарчысы дагы бир кесиптешибиз Эрниз Назалов өлгөңдө дагы укук коргоо органдары "кылмышкерлерди сөзсүз табабыз, камайбыз" деп кыргыз коомчулугун алдап келишкен. Ал журналисттин өлүмү али күнчө ачылбай турат, - деди Эркин Кожогелдиев.

Кесиптешинин кебин Алишер Саипов менен «Саясат» гезитинде чогуу иштеген кабарчы Даврон Насибханов да бышыктап, ырасында эле журналисттерге карата куугунтуктоо болуп жаткандыгын «Азаттыкка» мындайча маалымдады.

- Мен да түшүнбөй калдым. Машинасына салып, үйүмө алпарышты. «Юристтин катышуусусуз кирмек түгүл, босогомду аттаганга акыңар жок!» десем, Шерзат аттуу тергөөчү соттун чечимин көргөздү, анда «Насибхановдун үйүндө Хизбут-Тахрир» партиясынын баракчалары болушу мүмкүн» деп жазылыптыр. Өзүмдү да, үйүмдү да тинтишти, эч нерсе таба алышкан жок, - деди Даврон Насибханов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мырзаматов журналист Алишер Саиповдун табышмактуу өлүмү боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын, азырынча бир кылка версия жоктугун, Өзбекстандын атайын кызматынын кандуу окуяга катыштыгы бардыгы жөн эле кеп экендигин, андай маалыматты маркумдун коллегалары таратып жатышкандыгын туюндурду:

- Атайын опертоп иликтөө жүргүзүп жатат. Кылмыш ишинин бети ачыла элек. Азырынча эч кандай версиянын учугу чубалбады. Ал эми Саиповдун өлүмүндө Өзбекстандын атайын кызматынын почерки жатат деген жөн эле сөз, аны да журналисттер силер чуулдатып мукураттыңар, - деди Рустам Мырзаматов.

Жогорку Кеңеш төрагасы, мурунку мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровду кепке тартканыбызда Саиповдун өлүмүн териштирүү дале Президент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө тургандыгын билдирип, кылмыш бети сөзсүз ачылаарына ишендирди:

- Президенттин өзүнүн жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү органдар бар, мезгили келет, алар иликтөөлөрдү жүргүзүшөт, анан менимче журналисттерге сөзсүз өздөрүнүн жоопторун беришет. Саясий жагын карабаш керек, - дейт Жогорку Кеңеш төрагасы Адахан Мадумаров.

26 жаштагы Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта болгон. Өмүрүнүн акыркы алты айында Ошто өзбек тилинде «Саясат» гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч-мурч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин Кыргызстанда катуу сындап турган. 24-октябрда кеңсесинин жанында атылып өлтүрүлүп, артында жапжаш аялы жесир, төрт айлык жалгыз кызы жетим калды.

XS
SM
MD
LG