Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

ИГОРЬ ЧУДИНОВ ЭКОНОМИКАДА “КЕРЕМЕТ” ЖАРАТА АЛБАЙТ


Президент Курманбек Бакиевдин премьер-министрлик кылып Игорь Чудиновду дайындашы боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Президент «Ак жол» партиясын парламентке өткөрүү менен жана өкмөт башчысына көздөй адамын дайындап бийликтин бардык бутактарын ээледи. Экс-президент Аскар Акаевдин жолу менен баратканын айгинеледи, бул өкмөт башчы мурдакы Николай Танаевдей жарытылуу иш бүткөрбөйт, деген пикирлер айтыла баштады. “Жаш эмеспи иштин көзүн билип, кыргыз тилин үйрөнүп иштеп кете алат” дегендер да бар.

Эл ичинде парламенттик шайлоодо «Ак жол» партиясы жеңет, алар көпчүлүк орунду ээлегендиктен президент Игорь Чудиновду өкмөт башчылыкка сунуштатат деп божомолдоп көзү ачыктык кылгандардыкы туура чыкты. Себеби калк арасында президенттин инилери менен кичүү уулу Максим Бакиев таасир бергендей кадр маселелери чечилээри айкын билинип калганын бишкектиктер да ырастады.

-Өмүр бою Кыргызстанда жашап, жетекчи кызматтарда иштеп жүрүп мамлекеттик тилди үйрөнүп албаган, патриоттук сезими билинбеген Игорь Чудинов кыргыздар үчүн күйүп- бышып иштеп бермек беле, мурдакы жетекчилер Кузнецов, Силаев жана Танаевдей болуп байлыкты мыкчып Москва тарапка баса берет, -дейт бишкектин тургуну Нарынбек Сейитбеков.

-Кыргыздарда жанагы парламенттин көбүн ээлеген президенттин «Ак жол» партиясынын катарында өкмөт башчысына татыктуу бирөө да жокпу, бул эмне деген жорук, -деди аксылык Майрам Асанова.

-Жаңы конституцияда жазылгандай эми Кыргызстандын кен байлыктары, жер- суусу, көз жоосун алган кооз жерлери чет өлкөлүктөргө сатылып, Ысыккөлдөгү пансионаттар, эс алуучу жайлар Казакстан, Орусия жана башка мамлекеттердин ишкерлерге жең ичинен сатылат, бул иш-аракетти Игорь Чудинов жан-дили менен аткарат, деген пикирин билдирди «Ата мекен» партиясынын мүчөсү Бейил Айдакеева.

-«Жаш келсе, ишке дегендей» Игорь Чудинов жаңы ишкерлер муунунун өкүлү, ал экономика менен гана алек болуп, саясатка көп аралашпайт, калыс, так иштээрине ишенем, ошондуктан анын талапкерлигин биздин фракция колдоого алды, -деген пикирин парламент депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев айтты.

-Министр болуп турганда Өзбекстан менен газ маселесин чече албай койгон Игорь Чудинов экономиканы ийне- жибине чейин билбесе кантип өлкөнүн чарбасын башкарууга жарайт, мамлекеттик экинчи жетекчи сөзсүз кыргыз тилин билиши зарыл, бул Орусияга кезектеги жагынуу ишарасы, -дейт мурдакы мамлекеттик катчы, экс-губернатор Накен Касиев.

Жогорку кеңешке социал- демократиялык партиясынан депутат болгон Осмонбек Артыкбаевдин айтымында жаңы өкмөт башчы болгон Игорь Чудиновду “Ак жол” партиясы жана анын уюштуруучусу президент көрсөттү. “Ишти алып кете алабы, кандай команда түзөт, эл турмушу оңолобу, ал “Ак жолдун” мойнунда. Кандай иштейт аны мезгил көргөзүп, таразалап коет”, -дейт Осмонбек Артыкбаев.

Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташпоо Жумагуловдун пикиринде өкмөт башчысы сөзсүз мамлекеттик тилди билүүсү шарт.

-“Ошондуктан Игорь Чудиновдун премьер- министр болуп дайындалышы мамлекеттик тил мыйзамынын 8- беренесин одоно бузуу болду, ал кыргыз тилинде сүйлөй да, жаза да албайт. Бул биздин кабыргабызды кайыштырып турат , -дейт Ташпоо Жумагулов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG