Атамекендин даңкы үчүн асыл иштерди кайра жаратуу Орус академиясынын алтын медалы 24-декабрда Москва шаарында тапшырылды. «Мээрим» эларалык фондусунун төрайымы, профессор Майрам Акаевага бул сыйлык ал жазган китептери үчүн берилди. Сыйлыкты тапшырып жатып академиянын төрагасы, генерал-полковник Юрий Фомичев Майрам Акаева кайрымдуулук фондусун түзүп, анын аркасында жаштардын билимин өркүндөтүп, орус маданиятын жана тилин таркатууга кошкон үлкөн салымы үчүн татып жатканын белгиледи.
Майрам Акаевадан тышкары алтын медалды бул күнү Москва шаарынын мэри Ю.Лужков, Советтер Союзунун баатыры, учкуч-космонавт В.Афанасьев, Мамдуманын депутаты, СССР эл артисти И.Кобзон, Мамдуманын төрага орун басары, "Арктика-2007" экспедициясынын жетекчиси Чилингаров А.Н, генерал В.Шаманов жана Орлов облусунун губернатору Е.Строев алышты.
Майрам Акаева 2005-жылдын марты окуясынан кийин Кыргызстандын мурдагы президенти А.Акаев менен бирге Москва шаарында жашашат.