Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

КЫРГЫЗ СҮРӨТЧҮСҮНҮН "КЫЗЫЛ КЫТАЙ" КӨРГӨЗМӨСҮ


2007-жылы Орусияда Кытай жылы белгиленди. Бул да болсо Евразия континентиндеги бул эки дөө-шаа мамлекеттин алакаларынын канчалык ынак экендигин көрсөттү. Мына ушул темага байланыштуу Санкт-Петербургда "Кызыл Кытай" деген көргөзмө ачылды. Анын өзгөчөлүгү – көргөзмөдө биздин таанымал жердешибиз, сүрөтчү жана сүрөткер Туман Жумабаевдин тандалма чыгармалары коюлган.

Туман Жумабаевдин чыгармалары Санкт Петербургда жана Москвада, ошондой эле чет өлкөлөрдө көргөзүлүп келатат. 2006-жылы анын Рембрадттын сүрөттөрүнө негизделген чыгармалары Ирандын Исфана шаарында коюлган. Жердешибиздин ошондой эле "Эски Ладогадагы кыш", "Аргонавттардын жолу", "Гүлдөр" сыяктуу темаларда көрсөтмөлөрү болгон. Мына эми "Кызыл Кытай" темасындагы көрсөтмө Питердин "Китеп жана графика" борборунда ачылды.

Кызыл кийимчен бийчи кыздар, кызыл жарнамалар жана байрактар, балдардын колунда кызыл түстүү желим шарлар жана оюнчуктар, айтор Туман Кытайдан кайтып келгенден кийин бул өлкөдөн алган таасирлерин негизинен кызыл түстө сүрөткө түшүргөн.

Эскпозицияда пейзаждар, этюддар, портреттер, жандрык жана күнүмдүк турмуштан сүрөттөмөлөр, баш-аягы 20 чакты иш бар.

Эмне үчүн Кытай, эмне үчүн "Кызыл Кытай" темасы болду? Мына ушул өндөнгөн суроолор менен мен Санкт-Петербургга телефон чалдым:

- Кызыл түс кытайларда майрамда айрыкча көп болот. Бул салттуу түс. Менин көргөзмөм Кытайда көрсөтүлгөн, келерки жылы Шанхайда да өтө турган болууда. Кыргызстанда да өткөрсөм болот эле, буга кыргыздын ишкерлеринен жардам болушу керек.

Туман кыргыз элине жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалады.

Кыргызстандын Карасуу айлында туулган Туман Жумабаев Санкт-Петербургдагы Серов атындагы көркөм окуу жайын жана Репин атындагы көркөм Өнөр академиясын бүтүргөн. Аны колдоочуларынын арасында атактуу опера ырчысы Елена Образцова да бар. Атактуу ырчы Тумандын көргөзмөлөрүн ар жыл сайын Москвадагы жаш опера ырчыларынын эл аралык конкурстарында көрсөтүп келатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG