Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ооган президенти Хамид Карзай иш сапары менен коңшу Пакистанга келди


Бул коңшу өлкөдө эки күнгө созулуучу иш сапары учурунда президент Хамид Карзай пакистандык кесиптеши Перевез Мушараф менен коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулайт. Сүйлөшүүлөрдө азыр кайрадан бириккен Талибан, "ал-Каида" өңдүү жана башка экстремисттик уюмдардын Пакистан менен Ооганстандын чегиндеги тоолуу жана мыйзамга баш ийбеген аймактардагы аракеттери тууралуу сөз болору белгиленген. Чек арадан ары –бери өткөн согушкерлердин маселесине байланыштуу Ооганстан менен Пакистан узактан бери кайым айтышып келүүдө. Маселен, расмий Кабул Пакистан Ооганстанга алардын аймагынан кирип, кол салып жаткан согушкерлерге каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG