Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Түркиянын армиясы күрд согушкерлеринин турумдарына кайрадан сокку урду

Армия командачылыгынын бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, аба соккулары Ирактын Түркия менен чектеш түндүгүндө, күрд согушкерлеринин турумдары делген тоолуу аймакка жасалды. Бул - быйылкы жылдын 16-декабрынан бери Түркиянын аскерий учактары түндүк Ирактагы күрд согушкерлерине каршы жасаган аба соккуларынын расмий булактар тарабынан ырасталган үчүнчүсү. Түрк армиясы ошондой эле 18-декабрда күрд согушкерлерин издөө үчүн чек аранын аркы тарабына жерден да аскерлер киргизилгенин ырастаган.
XS
SM
MD
LG