Берүүнүн талкуу бөлүгүндө кыргыз спортчулары эмне себептен чет өлкөлөргө агылууда, буга каршы кандай чаралар көрүлүшү керек деген пикирдин айланасында талаш сөз жүрүп, Кубаныч Жунусов аттуу студент, “кандай жол менен болбосун мамлекет спортчуларды чет жака жибербеши керек, аларды колдоп, жардам бериши абзел” деген позициясын коргоду. Экинчи студент Кубат Асылбеков: “Жок, спортчулар кааласа кетсе болот, алар эл аралык аренада өлкөгө көбүрөөк жардам көрсөтө алат” деп башкача ой-пикирди билдирди. Натыйжада 187 смс добушка ээ болгон Кубаныч жеңүүчү аталды. Ал эми Кубат болсо 145 көрөрмандын добушуна ээ болду.
Ушул эле убакта көрүүчүлөр да 0(312)666817 номерине телефон чалышып, талкуунун катышуучуларына добуш берүү менен “Азаттык плюс” телепрограммасы тууралуу пикирлерин билдиришти.
Абдуллажан: - Мен Кубанычка добуш берет элем. Анын айткан сөзү, жүгүрткөн ойлору туура деген пикирде болдум. Биз спортчуларыбызды чет өлкөгө бербешибиз керек. Алар өзүбүздүн гана желегибизди көтөрүшү керек деп эсептейм. “Азаттык плюсту” биз калтырбай көрөбүз. Мүмкүнчүлүк болсо аудитория залыңарды чоңойтуп, жаштарды көбүрөөк чакырып, көчөдөгү сурамжылоону кененирээк берип, убакытты да беш-он мүнөткө узартсаңар жакшы болот эле. Азыркы маалда көптөгөн жаштар, мектептеги окуучулардан тарта, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишүүдө. Жумушсуздук жана элди иш менен камсыз кылуу жагын кошуп программа даярдасаңар деген ойдомун.
Улан:- Мен Кубатка добуш берем. Ал Кыргызстандан спортчулардын кеткени туура деген пикирди айтты, мен бул сөзгө кошулам.
Себеби биздин өлкөдө спортчуларга эч кандай шарт түзүлгөн жок. Ошондуктан алар Алмазбек Раимкуловго окшоп четке чыгып, ийгилик жаратышса Кыргызстанга пайдасы көп тийет деп эсептейм. Негизинен эле өлкөдөгү спорттун абалын начар деп айтаар элем, мисалы мен жашаган Нурманбет айылында чоң спорт зал бар, ал азыр талкаланып кыйрап калды, ага эч ким көңүл бурган жок. Убагында көптөгөн кишилер ал залда спорт менен машыкчу, азыр болсо талкаланып калгандыктан жаштар спортко эмес, башка жаман жолдорго барууда. Ал эми “Азаттык плюс” программасы тууралу айтсам, алар коомдогу проблемаларды көрсөтүп, ачыка чыгарып турушат. Эми элет жерлерине да барып, айыл турмушунун проблемаларын көрсөтсө жакшы болот эле.
Тазагүл Кудайбергенова:- Мен өз добушумду Кубанычка берем. Ал спортчулар чет өлкөгө кетпеши керек деди. Биз аларга жакшы колдоо көргөзүп, өз мекенине алып калышыбыз керек. Алар Кыргызстандын намысын коргоп, чоң ийгиликтерди жаратаарына мен толук ишенем. Спортчуларга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуш керек. “Азаттык плюсту” болсо, мен ар дүйшөмбүдө калтырбай көрөм. Бул программанын ортосунда музыка ойноп, ыр коштоп, артисттер конок болуп турса жакшы болмок. Ал эми берүүдөн болсо саясаттан алыс болгон, маданиятты камтыган, жаштар кызыккан программаларды көргүм келет.
Жаныбек Молдоболотов:- Кубанычтын айткан сөздөрү басымдуулук кылды. Ошол себептен аны колдойм. “Азаттык плюстун” жаккан жактары, кайсы тема болбосун баарын ачык айтып, көңүлдүү да алып барышат. Жакпаган жактары, кээде талкуу бөлүгүнө чыккандар, болбогон эле пикирлерди айтып талаша беришет. Ошондуктан дебатка жакшылып, туура, так сүйлөгөндөрдү чыгарса деп турам. Элге жаккан ар кандай темалар бар. Силер азыркы шоу-бизнес жылдыздарынын кемчиликтерин, артыкчылыктарын камтыган программаны даярдасаңар.
Зулайка: -Мени Кыргызстандын өнүгүшү жана экономикасы кызыктырат. Бирок, силер бул теманы аласыңар дагы, андан ары саясатка өтүп кетесиңер. Саясаттан алыс болгон, экономикалык теманы камтып элге чыгарсаңар жакшы болмок. Андан тышкары бизди жаштардын маселеси да кызыктырат. Билим, илимди камтыган программаларды да чыгарып турсаңар. Силер “Азаттык плюста” көп маалымат бересиңер, анан дагы кээ бир берүүлөрдө дискуссия көп болуп кетет.