Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

13:41 2007-жылы Орусияда борбор азиялык 22 мигрант “скинхеддердин” колунан көз жумду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы укук коргоочу “Сова” борборунун жетекчисинин орун-басары Галина Кожевникова кабарлады. Анын айтымында, орус жергесинде жүргөн борбор азиялык мигранттардын ичинде жалпысынан 91 адамга түрдүү кол салуулар болгон. Натыйжада 69 адам түрдүү даражада жаракат алды, 22 киши көз жумган. Жапа тарткандардын ар биринин кайсыл мамлекеттен экенин аныктоо мүмкүн болбогону айтылды. Бирок, “Сова” борборунун маалыматына ылайык, бул жылы улутчулдардын чабуулдарына кабылгандардын жарымынан көбүн кыргызстандыктар түзөт. “Эң коркунучтуусу – 2004-жылдан бери улутчул жаштардын колунан жапа тарткандардын саны жылына 20-30% өсүп бараткандыгында”, - деди Кожевникова. Ал эми адам укуктары боюнча Москвадагы бюронун кабарына караганда, аяктап бараткан жылы Орусияда башка улуттагы 74 адам улутчулдардын колунан каза тапкан, кеминде 300 адам жаракат алган. (TD)

XS
SM
MD
LG