Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ 2007-ЖЫЛЫ КАЙ ЖАККА ӨЗГӨРДҮ?


Өтүп барткан жылды ММК тармагына байкоо салып келаткан серепчилер журналистика тармагы үчүн кыйла кооптуу жыл болду дешүүдө. Ошол эле мезгилде журналисттердин биригүүсү жаатында да жылыштар болду деген баа берүүлөр бар. Ага өтүп бараткан жылы журналисттердин көп токмоктолушу, Алишер Саиповдун өлтүрүлүшү себепкер дешет. 2007-жылы ММК тармагында кандай өзгөрүштөр, жетишкендиктер жана кемчиликтер болду.

ММК тармагында иш алып барган адистер өтүп бараткан жылга сереп салып, бул тармакта кандай өзгөрүүлөр болгондугу тууралуу бааларын бере башташты. Бир катар адистердин баамында, 2007-жыл журналисттер жана алар эмгектенишкен маалымат каражаттары үчүн чоң сыноо жылы болду. Буга өлкөнүн саясий оюндарга бай, ар кандай олку-солкулуктарды жараткан окуяларга толо болушу себеп болду дешет. Ошондой эле айрымдары сөз эркиндиги кысымга учурап, журналисттерге чабуул көп болгон жыл болду дешсе, бир даары бул тармата чоң жылыштар болгондугун айтышты. Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун баамында, 2007-жыл Кыргызстандагы медиа жаатында эмгектенишкен адамдар үчүн оор жыл болду. Ал ошондой эле 1991-жылдан бери Кыргызстандын медиа чөлкөмүндө мындай оор жыл болбогондугун, ушул өтүп бараткан жылы отуздан ашуун журналисттер токмоктолуп, бир журналист кесиптик ишмердүүлүгүн аркалап жүрүп каза болгондугун, басым-кысымдар, административдик күч колдонуулар байкалганын айтып, мунун бардыгы биринчи жолу журналисттер жамаатын биригүүгө түрткөнүн, анын негизинде журналисттердин кодекси кабыл алынып, УТРКда байкоочу кеңеш түптөлө баштаганын баса белгиледи. Ошондой эле Илим Карыпбековдун айтымында, бир катар маалымат каражаттары кайсы бир адамдын гана кызыкчылыгын көздөп, элдер алар тараткан маалыматтарга ишенбей калышты:

- Азыркы учурда журналисттер бир коррупционер жөнүндө жазып атса, эртең эле бийлик ошол коррупционерди чоң бир жумушка отургузуп же ага орден бергенге, анын эмгегин даңазалаганга чейин барып атат. Демек, азыр маалымат керектөөчү маалымат алып атканда мунун чындыгын эмес, бул кайсы адамдын, кайсы саясий топтун кызыкчылыгын көздөп атты болду экен деп ойлоп калышты. Андыктан, жалпыга маалымдоо каражаттары ар кандай саясий топторго гана иштеп атышат. Анткени ошолордун таасири күч.

УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязовдун айтымында, өтүп бараткан жыл айрыкча маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн чоң сабак болчу жыл болду. Ошондой эле анын пикиринде, бул жылы журналисттердин укуктары жакшы корголгон жок. “Мыйзамда журналисттин укугу корголушу керектиги жазылганы менен ал иш жүзүндө аткарылбай жатканы байкалды. Ошол эле журналисттердин укуктарын коргоочу уюмдар, мамлекет тарабынан да алардын тагдырына анча көңүл бөлүнбөгөндөй. Буга Турат Бектенов, Кайрат Биримкуловдун сабалып, чет өлкөлөргө кетип калышканы далил”,- дейт ал.

Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин ырасташынча, 2007-жылы сөз эркиндиги жаатындагы мурдагы жетишкендиктер кыйла азайып кеткендиги байкалып, журналисттерди уруп-сабоолор көп болгон. Анын пикиринде, кийинки бийликтин тушундагы ММК тармагындагы болуп жаткан окуялар мурдагы бийликтин тушундагыга өтө окшошуп кеткен жайы бар. Ал ошондой эле А.Акаев доорунда бул жаатагы окуялар 15 жылга созулганын, бул бийликтин тушунда ошол эле окуялар эки жарым жылдын ичинде гана болуп кеткенин, 24-март окуясынан кийин сөз эркиндиги кыйла дурус болгонун, бирок азыркы тапта басым-кысымдар көбөйүп, бийликке сын айтчу ММКлар кыйла азайып кеткенин, мурда бийликке каршы сын айта алчу бир-эки телекомпания болсо, азыр Кыргызстандагы бардык телекомпаниялар бир тараптуу болуп калганын айтты.

Марат Токоевдин пикиринде, бийлик ар кыл маалымат каражаттарын көзөмөлдөп турууга болгон аракетин кийинки жылы да токтотпойт. “Кийинки жылы бийлик интернеттеги маалымат булактарын тескеп туруу саясатын ишке ашыруусу толук мүмкүн”,- дейт ал. “Парламентте жаткан интернетти маалымат каражаты катары кароо тууралуу мыйзам долбоору, учурдагы бийликтин интернетти көзөмөлдөөгө болгон ашыгуусу, парламент төрагасы Адахан Мадумаровдун ММКларды катуу көзөмөлдөө керектигин айтып келатканы, Жогорку Кеңешке бийликтин “Ак жол” партиясынын келиши, мындай кооптонуулардын пайда болушун шарттап жатат”,- деди М.Токоев.

“Заман Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун орун басары Абдыкерим Муратовдун айтымында, 2007-жыл саясатка өтө бай жыл болгондуктан, журналисттер коому саясатты жазган жаш анан көз каранды журналисттер менен толукталды. Анын айтымында, бир жылдын айланасында үч жолу конституция өзгөртүлүп, референдум болушу, үч жолу премьер-министрдин алмашышы, мөөнөтүнөн мурда парламенттин жаңыланышы дүйнөлүк практикада өтө сейрек кездешет. Ошол себептүү бул көрүнүш журналистикага да чоң таасирин тийгизип, тармак дээрлик саясатташып кетти.

“Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору Сакы Садыковдун пикиринде, өтүп бараткан жылы сөз эркиндиги мурдагыга караганда өстү, бирок жалган маалыматтарды таратуу да көбөйүп кетти. “Менимче бул жаатта прогрессивдүү өнүгүү болбой жатат. Журналисттер бул жылы баш мыйзамда жазылган жана бул тармакка тиешелүү жалпы мыйзамдардын негизинде эмес, ушак-айыңдардын, бирөөлөрдү каралоонун, жалган маалыматтардын негизинде иштеп, жалган көп болду”,- дейт ал.

Эркин журналист Мери Бекешованын ырасташынча, кандай айткан күнү да мурдагы бийликтин тушунда маалымат каражаттары эркининрээк болгонун айтса болот. “Акыркы жылы оппозициялык маанайдагы салмактуу маалымат каражаттарынын саны азайып кетти”,- дейт М.Бекешова.
XS
SM
MD
LG