Президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт мүчөлөрүн дайындаган бир катар жардыктарга кол койду. Ага ылайык, Искендербек Айдаралиев биринчи вице-премьерликке, Досбол Нур уулу вице-премьер-министрликке, Мурат Исмаилов өкмөт аппаратынын башчылыгына дайындалды. Ошондой эле Нурлан Сулайманов транспорт жана коммуникациялар министри, Арстанбек Ногоев айыл, суу чарба министри, Марат Мамбетов саламаттыкты сактоо министри, Тажикан Калимбетова каржы министри, Ишенгүл Болжурова билим жана илим министри, Сапарбек Балкыбеков өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, Марат Кайыпов юстиция министри, Камчыбек Ташиев чукул кырдаалдар министри, Өктөмкан Абдуллаева эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Султан Раев маданият министри, Акылбек Жапаров экономикалык өнүгүү жана соода министри, Эднан Карабаев тышкы иштер, Болотбек Ногойбаев ички иштер, Исмаил Исаков коргоо министри болуп дайындалышты. Мындан сырткары Мурат Суталиновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Айгүл Рыскулованы миграция, Нурлан Акматовду бажы, Темирбек Курманбековду салык, Турсун Турдумамбетовду мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комиеттеттердин башчылыгына дайындаган жардыктарга да кол коюлду.(SM)