Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

18:27 Жер титирөө болгон аймакта жети оперативдүү топ кесепеттин көлөмүн аныктап жатат


Бул туурасында өзгөчө кырдаал министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Дамир Кушбаков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалыматтарга ылайык жер титирөөнүн эпицентри болгон Ноокат районунунун Көкбел айылындагы К. Абдылакимов атындагы мектеп, Папан кыштагындагы участкалык оорукана олуттуу жабыр тарткан. Мындан тышкары Ош шаарына караштуу 7 мектепте, 2 бала бакчада, 8 мекемеде, анын ичинде Ош шаар мэриясынын имаратынан чоң жарака кетип, чукул ремонтко муктаж. Ал эми арыз менен кайрылган жарандардын үйлөрүн аталган министрликтин атайын тобу дыкат текшерип жатат. Дамир Кушбаков Ош сейсмологиялык зонада жайланышкандыктан, дагы жер титиребейт деп айталбастыгын да кошумчалады. Жергиликтүү укук коргоочу Равшан Гапиров жапа чеккен айрым жарандардын үйлөрүн өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу эксперттер адилет баалабай жаткандыгын белгилеп, мындай алакчылоо нааразычылыкты туудуруп, бийликтин калыстыгына ишенбөөчүлүктү гана жаратаарын маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG