Белгилүү болгондой президенттин 27-декабрдагы жардыгы менен Тажикан Калимбетова каржы министри болуп дайындалган. 28-декабрда өкмөт башчы Игорь Чудинов министрликтин кызматкерлери менен жолугушуп, жаңы министрди тааныштырды. Чудинов ошондой эле мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун эмгегин жогору баалап, анын жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. А.Жапаров экономикалык өнүктүрүү жана соода министри болуп дайындалган. (AiT)