Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Акүй: “ал-Каида” уюмунун максаты Ирак элинин эркиндигин кысымга алуу


“Ал-Каида” уюмунун лидери Усама бин Ладендин кайрылуусу жазылган жаңы тасма Ирактагы кырдаалдын жакшы нукка өзгөргөнүн билдирип, АКШнын көзөмөлү алдындагы аскер миссиясынын өлкөдөгү маанисин арттырат. Бул тууралуу Акүйдүн өкүлү Тони Фратто билдирди. Анын айтымында, “ал-Каида” уюмунун максаты демократияны жана Ирак элинин эркиндигин кысымга алуу болуп саналат. Кечээ Усама бин Ладендин мусулмандарды ирак өкмөтүн колдообого чакырган жана АКШ Иракта чыккан мунайды өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат деген маанайдагы тасмага жазылган кайрылуусу жарыяланган.

XS
SM
MD
LG