Түркиянын түштүгүндөгү туризм борбору Анталияда полиция кызматчылары шаардагы бир ортодокс чиркөөнүн дин кызматкери Рамазан Аркандын өмүрүнө кастык кылууга даярданып жаткан Мурат Т. атындагы кишини кармашты. Жергиликтүү полиция башкармалыгынын берген маалыматына караганда, кармалган кишини полиция бир канча жумадан бери аңдып келген. Ал өткөн жуманын ичинде, шаардын Калеичи аталган борбордук районундо жайлашкан ортодокс Ийык Паулус чиркөөсүнө эки жолу келип чалгын жасаган. Чиркөөнүн мынан 10 жыл илгери христиан динине өткөн кызматкери Рамазан Аркандын өмүрүнө кол салууну пландап жаткандыгы такталгандан кийин, коопсуздук башкармалыгына караштуу анти-террор командасы жекшембиден дүйшөмбүгө караган түн ичинде анын турак-жайына курчап кирип, аны полиция башкармалыгына алып кетишкен.
Азыркы учурда шектүүнүн үстүнөн тергөө жумуштары болуп жатат. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда чиркөөнүн пландары сызылган карталар табылып, алгачкы суракта эле шектүү чиркөөнүн кызматкерин өлтүрүштү пландаганын моюнга алган. Анын бул жексур максаты ишке ашпай калган менен, бул окуя өлкөдө кийинки жылдары кыйла күч алган диндик жана этностук негиздеги экстремизмдин катуу соккон белгилеринин бири катары бааланууда. Көп эмес, мындан эки жумадай илгери Измир шаарындагы католиктердин бир чиркөөсүнүн италиялык дин кызматчысы Адриано франчинини бир түрк жаш жигит бычак менен сайып өлтүрүүгө умтулду. Апрель айында Малатя шаарындагы бир басмаканада библия чыгарып жаткан 3 христианды, анын ичинде бир немис атуулун жаш өспүрүм башкесерлер мууздап кетишти. Өткөн жылы болсо, Карадеңиз жээгиндеги Трабзон шаарындагы бир чиркөөнүн кызматкери италиялык католик Андреа Санторину жаш бир жигит тапанча менен атып өлтүрдү.
Айрым серепчилердин пикиринде, Түркиядагы аша чапкан улутчул маанайдагы чөйрө христиан динине үгүттөп жүргөн машаякчыларды өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч катары көрүшөт. 70 миллион элдик саны бар Түркияда жашаган 100 миң чамасы христиан азчылыктагылардын коопсуздук маселеси ЕБ менен болгон мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө Түркиянын башын ооруткан маселелердин бири болуп эсептелет.