Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

ОШТО БИР СУТКАДА БЕШ ЖОЛУ ЖЕР ТИТИРЕДИ


Ош облусунда кечээки жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу чаралары көрүлүп, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү иштери жүрүүдө. Кырсыктан кийинки абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудинов өлкө башчысына маалымат берди. Соңку маалыматтарга караганда, зилзаладан 167 үй, 6 мектеп жараксыз абалга келген.

Белгилүү болгондой 31-декабрдан 1-январга оогон түнү Ош облусунун Ноокат, Араван, Карасуу райондорунун аймагында күчү 5,5-6 баллга жеткен зилзала болгон. Соңку маалыматтарга караганда бул табият кырсыгынан Ош облусунда 167 үй жашоого жараксыз абалга келип, үч мектеп катуу жапа чеккен. Ошондой эле 267 үй-бүлө көчүрүүгө муктаж. Бактыга жараша зилзала адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн өлкө башчысы Курманбек Бакиевге маалымат бергенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өлкө башчысы болсо өкмөт башчыга зилзала болгон жерге биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди жөнөтүүнү жана жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырган.

Оштогу кабарчыбыздын айтымында, жер титирөөнүн минтип кайра-кайра кайталанышы жергиликтүү калкты бир топ бейпайга салып койду. Зилзала очокторунун бири делген Карасуунун Лангар айылынын тургуну Пазыл Самудинов айылдын калкы оор абалда калганын айтат:

- Абалыбыз оор, эми кудай сактасын, кайра кайталанбасын деп отурабыз. Үйлөрүбүздөн жарака кетип, кыйналып жатабыз. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Өкмөттөн жардам болсо, жер берсе башка үй салып алсак деп турабыз. Азырынча чатыр же башка жардамдар келгенин уга элекпиз.

Түштүк аймактарында жер титирөө кайталанышы мүмкүндүгүн адистер да болжошуп, жергиликтүү калк мындай учурга даяр турганы оң экендигин айтышууда. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институнун башчысы Канат Абдрахматов жер титирөөнүн качан болушу тууралуу так маалымат айтуу мүмкүн эместигин, бирок кыш айларында зилзала кайталанышы ыктымалдыгын айтат:

- Биздин божомолдорго караганда, быйыл Ош, Жалалабат аймактарынын тескей жагында жер титирөө болушу мүмкүн. Божомолдор боюнча январь-февраль айларында күчү 6-7 баллга чейин жер титирөө болушу мүмкүн. Албетте, бул так маалымат эмес, бирок эл мындай кырсыкка даяр турганы оң. Эскертүү иретиндеги мындай маалыматтарды биз чукул кырдаалдар министрлигине бердик.

Жер титирөөдөн кийинки абалды Ош облустук бийлиги да бүгүнкү жыйынында талкуулап, анын натыйжасында чукул кырдаалдар боюнча облустук комиссия түзүлдү. Аталган комиссиянын жетекчилигине дайындалган облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев кырдаал азыр көзөмөлдө экенин, жабыр тарткандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлө баштаганын билдирди:

- Бир сутканын ичинде беш жолу жер титирөө болду. Азыр кырдаал көзөмөлдө, соңку эсептөөлөр боюнча 6 мектеп жараксыз деп табылды. Кырсыктын кесепеттерин аныктоо боюнча тиешелүү адистер иштеп жатышат.

Губернатор орун басарынын айтымында, жер титирөөнүн кесепеттери боюнча толукталган маалыматтар эртен белгилүү болмокчу.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG