Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:12

8:30 Жер титирөөдөн жалпы 395 үй, 7 мектеп таптакыр жараксыз болуп калды


Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинин түштүк башкармалыгынын башчысы Дамир Кушбаков таңкы түз ободогу маектешүү учурунда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда жашоого жараксыз үйлөрдүн тургундары чатырларга, туугандарынын үйлөрүнө көчүп, баш калкалашууда. Бир орто мектепте сабакты улантуу үчүн атайын чатыр бөлүнүп берилди, калган 6 мектептин окуучулары коңшулаш мектептерге бөлүнмөкчү. Дамир Кушбаковдун айтуусунда зилзаланын келтирген чыгымын иликтөөгө жана жараксыз турак-жай тургундарын көчүрүүгө министрликте каражат менен техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.
1-январь күнү болгон жер титирөөдөн Ош облусунун Ноокат, Карасуу райондорунун, Ош шаарынын айрым аймактары жабыркады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG