Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

КЕНИЯДА ДЕМОКРАТИЯ КЕДЕРИНЕ КЕТТИ


Кенияда массалык тополоңдор токтой элек. Жаңы жылга жакын өткөрүлгөн шайлоодон чыккан чатак уруулар арасындагы урушка айланды. Бир апта ичинде үч жүздөй киши набыт болду, жүз миңдейи үй-жайын таштап качканга аргасыз болду. Бийлик менен оппозиция калкты кара жаңжалга тукурду деп бирин бири айыптоодо.

“Саргылжын демократиялык кыймылдын” лидери Райла Одинга шаршемби күнү өз тарапкерлерин митингге чакырып, Найробинин көчөлөрүнө бир миллион киши чыгармак болгон эле. Бирок алардын саны миңге жеткен жок. Найробинин борбордук Ухуру – Эркиндик – аянтына бараткан жолдо демонстранттарды полиция тосуп, аларга жаш агызма газ атып, сууатмаларды колдонуп, кууп таркатты. Оппозиция бийликтерге жооп кайтарганы эмдиги аптанын башталышына да дагы бир митинг белгиледи.

Кениядагы тополоң 27-декабрдагы президенттик жана парламенттик шайлоонун натыйжалары жарыяланган соң башталды. Мамлекет башчысынын мандатын эки процент артыкчылык менен бийликтеги президент Мваи Кибаки утуп алды, ал эми парламенттеги көпчүлүк орундар демократиялык кыймылга тийди.

Адегенде ач-жылаңач,жакыр жашаган калктын бөлүгү алардын үмүтүн актабаган Кибакинин кайра шайланышына нааразылык билдире башташкан. Бирок жаңы жыл алдында Найробиге жакын жердеги кыштактардын биринде жергиликтүү кикуйу уруусунан отуз кишини ким бирөөлөр кырып кетишти. Ушул кыянат жаңжалга май таштады. Бир катар жерлерде тайпалар ортосунда кагылыш тутанып, бир апта ичинде үч жүздөй киши жайран болду, жүз миңге чукул адам үй-жайын таштап качты.

Кенияда кырк уруулуу эл жашайт, алардын арасында христиан жана мусулман динин туткандар, башка да мазаптардын өкүлдөрү бар. 1963-жылы Кения Британиядан көз карандысыздык алгандан бери өлкөдө бийлик чөйрөсүндө кикуйу уруусундагылар үстөмдүк кылып келген. Бул жолку кризиске ушул жагдай да кошумча болду дешет.

Өкмөттүн өкүлү оппозициянын тарапкерлерин бийликти колдогондорду кодулап, “улуттук тазалоо” тарыйкасына өттү деп айыптады. Одинга өз кезегинде Кибакинин өкмөтүн “тукум курут” саясатын жүргүзө баштады деп күнөөлөдү.

Кения жалпы континентте буга чейин аздыр-көптүр демократиялык жөрөлгөсү бар өлкө эсебинде жүргөн. Найроби дүйнөлүк компаниялар менен эл аралык уюмдардын, анын ичинде ООНдун регионалдык борборуна айланган. Шайлоонун айынан тутанган жаңжал Кенияда да демократия кедерине кете баштаганын көрсөттү. Ошентсе да башкы милдет азыр тополоңду уруулар арасындагы масштабдуу урушка жеткирбей токтотуп калууда турат.

Өлкөнүн жер министри Кувутча Кибвана өкмөт атынан жакшы санаалуу бардык кениялыктарды кыйын кезеңде биригүүгө чакырып, өлкөнү улуттук жарашуу жолуна салганга көмөктөшүүгө үндөдү. Оппозициянын лидери Одинга бийликтегилерди кылмышкерлер деп атап, эл аралык арачылар аркылуу гана Кибаки менен сүйлөшө турганын билдирди.

Шаршемби күнү АКШнын жана Британиянын тышкы иштер министрлери кениялык араздашкан эки тараптын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аларды жарашууга, бардык талашты жайчылык жол менен чечүүгө чакырышты. Кениядагы кризисти жөнгө салганга Африка союзу да аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG